Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Климаттын өзгөрүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Кытайда башталды


Бүгүн башталган жана алты күнгө созулуучу жыйын - келерки айдын соңунда Мексикада өтүүчү глобалдык саммит алдындагы акыркы айлампа. БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча башкы өкүлү Кристина Фигерес жыйындын ачылышындагы сөзүндө белгилегендей, Кытай булганыч газдардын абага бөлүнүшүн азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ийкемдүүлүгүн көргөзүүсү керек. Кытай дүйнөдө булганыч газдардын эң ири бөлүүчүсү катары эсептелинет. Тянжинь шаарындагы сүйлөшүүлөрдө келерки айда Мексикадагы өтүүчү саммитте талкуулануучу документтин долбоору даярдалышы керек. Дүйнөнүн бай жана кедей өлкөлөрү былтыр жыл соңунда Копенгаген шаарындагы саммитте пикир –келишпестиктерден улам аткарууга милдеттүү келишимди макулдаша албай койгондон бери бул жаатта бир аз эле жылыш болду.

XS
SM
MD
LG