Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Түркия Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүүгө жардам берет


Бул максатта түрк өкмөтү 21 миллион доллар бөлгөнүн Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Ысык-Көлдө “Улуттар аралык диалог: макулдашуу жана сабырдуулук” аттуу жыйында билдирди. Президенттин маалымат кызматы акчалай жардам жакын арада келерин, каражат Ош менен Жалал-Абатта кыйраган имараттарды калыбына келтирүүгө жумшаларын маалымдады. Түштүктөгү коогалаңды иликтеген комиссиянын маалымдашынча, тополоңдо аталган аймак 700 миллион доллардан ашуун чыгым тарткан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG