Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

НАТОнун баш катчысы Пакистанды жолду ачууга чакырды


Андерс Фог Расмуссен Пакистан НАТО Ооганстанга жүгүн өткөрүп турган чек ара бекетин мүмкүн болушунча тез ачат деген үмүтүн билдирди. Ооганстандагы аскерлерди камсыздоодогу маанилүү жолду Пакистан НАТОнун тик учагы өткөн аптада пакистандык үч аскерди мерт кылгандан кийин жапкан. НАТО башкатчысы Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен Брюсселдеги бүгүнкү жолугушуусунан кийинки сөзүндө ал окуя үчүн өкүнүч билдирди. Бул аралыкта бүгүн Пакистан аймагынан НАТОнун башка жол менен кетип жаткан жүгүнө кол салынып, кеминде 20дай унаага өрт коюлду жана үч адам каза тапты. Кол салуу үчүн пакистандык талибдер жоопкерчилик алды жана буга окшогон чабуулдарды улантарын эскертти. Бул Ооганстандагы чет элдик аскерлерге жүк алып бара жаткан унааларга соңку бир нече күн ичинде Пакистан аймагынан жасалган экинчи кол салуу болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG