Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Тажикстандагы кагылыштардан күч мекемелеринин беш кызматкери каза тапты


Бул тууралуу бүгүн маалымдалууда. Укук коргоо органдарынын беш кызматкери Тажикстандын чыгышындагы Рашт өрөөнүндө, Камароб деген капчыгайда согушкерлерге каршы уланып жаткан атайын операция учурунда каза тапкан. Душанбедеги “Азия плюс” агенттигинин билдиргенине караганда, операция учурунда эки согушкер мерт болду деген да маалымат бар. Бул кабарды расмий булактар азырынча ырастай элек. Тажик оппозициясынын мурдагы талаа командирлери жетектеген согушкерлерге каршы атайын операция 22-сентябрда башталган. Андан эки күн алдыда согушкерлер өкмөттүк күчтөрдүн кербенине буктурмадан кол салганда 26 аскер каза таап, 14ү жаракат алган болчу.

XS
SM
MD
LG