Бул тууралуу облустук ички иштер башкармасы Станбек Бакиров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Хизб-ут Тахрир” уюмунун жакында Жалал-Абад шаарында колго түшкөн мүчөсүнөн тыюу салынган уюмдун үгүт баракчалары, китептери жана компакт дисктери алынды. Ага диний араздашууну козгогон деген айып коюлуп, ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.
Станбек Бакиров парламенттик шайлоо алдында облустагы жагдай тынч болгонун, кооптонууга негиз жоктугун айтып, облустун бардык район-шаарларындагы кырдаал көзөмөлдө турганын, шайлоо маалында добуш берүү жайларында курал-жарак менен жүргөн жарандарга мыйзамдуу чара колдонуларын эскертти. (YA)