Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Нидерландияда антиисламчыл саясатчынын үстүнөн сот башталды


Герд Вилдерс ысымдуу саясатчы мусулмандарга каршы расалык жек көрүүчүлүктү козуткан деп айыпталууда. Ал бүгүн соттогу кыска сөзүндө өзүнүн буга чейинки билдирүүлөрүн сөз эркиндиги менен байланыштырды.

Сот Вилдерс лидерлик кылган “Эркиндик” партиясы Нидерландиянын бийликтеги коалициясы менен кызматташууга даярданып жаткан кезде өтүүдө. Саясатчы буга чейин мусулман аялдардын кийими буркага тыюу салуу, мусулмандардардын миграциясын токтотуу боюнча өнөктүк жүргүзүп, башка бир катар чагымчыл билдирүүлөрдү да жасаган.

Эгер сот тарабынан күнөлүү деп табылса, Вилдерс 16 айга чейин абакка кесилип, 10 миң евро айыпка жыгылуусу мүмкүн. Сот чечими келерки айда чыгары күтүлүүдө. Быйыл июндагы парламенттик шайлоодо Вилдерстин партиясы 150 орундун 24үн жеңип алган. Бийликтеги коалиция добуштары жетишсиз болгондуктан, мыйзамдарды кабыл алууда бул антиисламчыл саясатчынын партиясынын колдоосуна муктаж.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG