Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Тажикстанда аскерий операция уланууда


Тажикстан - Рашт өрөөнүндө жол бойлоруна он бештен ашуун аскерий күзөт жайлары коюлду.
Тажикстан - Рашт өрөөнүндө жол бойлоруна он бештен ашуун аскерий күзөт жайлары коюлду.

Тажикстандын чыгышында куралдуу топторго каршы өкмөттүк аскерлердин атайын операциялары жүрүп жатат. Операция 22-сентябрда башталган. Андан эки күн мурда куралдуу отряд аскерий автокербенге кол салып, өкмөттүк күчтөрдөн 26 жоокер окко учкан эле.

Масштабдуу операциялар Рашт районундагы Камароб өрөөнүндө жүрүп жатат. Өткөн күнү айыгышкан кагылыш тутанып, өкмөт аскерлери дагы беш жоокерин жоготту. Бир милиционер жарадар болду. Ырасмий булактар козголоңчулардан эки киши өлгөнүн айтышты.

Өкмөт козголоңчуларды ислам лашкерлери деп атап жатат. Алардын арасында жергиликтүү жана чет элдик жалданма жаңчылар, ошондой эле жарандык согуш маалындагы исламчыл оппозициянын өкүлдөрү бар дешет.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин башчысы Амиркул Азимов куралдуу топтун өз эрки менен колго түшүп беришин талап кылып, алар менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбой турганын тастыктады. Буга кошо Тажикстандагы кырдаалды курчуткусу келип, козголоңчуларга колдоо көрсөтүп жатканы үчүн чет мамлекеттерди айыптады, бирок алардын атын ачык айткан жок.

Өкмөттүк аскерлер Камароб өрөөнүн тегерете курчап алышты, кан жолдор менен кошо капчыгайдан чыккан бардык сокмо жолдор тосулду, районго жергиликтүү тургундардан башка эч кимди киргизбей жатышат. Телефон, байланыштын башка бардык каражаттары иштебей калды. Борбордук телерадио каналдардан Раштагы жагдайга байланыштуу үзүл-кесил гана маалыматтар айтылууда. Көз карандысыз "Азия-Плюс" агенттиги ырасмий басма сөз кызматтары да жабылганын, өрөөндөн кабар алуу иш жүзүндө мүмкүн болбой калганын кабарлады.

Өрөөндө эмне болуп жатканынан жадесе жергиликтүү кыштактардын тургундары да ныпым кабарсыз. Навобол шаарчасынан өзүн тек гана Халим деп тааныштырган бир киши эл ичин ар кандай ушак-айың кептер аралап, эч ким үйүнөн чыкпай калганын билдирди. Ооруп калган кишилер да түнкүсүн дары-дармек же медиктерден жардам алганга даай албайт.

Коңшулаш Кочон кыштагынан Салтанат аттуу бир келин да жакында бу жерде айыгышкан атыштар болуп, бир нече үй, короо жай күйүп кеткенин кабарлады. Баары качып кеткендиктен өрттү өчүргөнгө эч ким табылбады.

Өрөөндөгү дүмөктүү жагдайдан улам айрым ата-энелер эр жеткен балдарын тажик армиясына эмес, эптеп эле Россияга жөнөтүп жибергенге умтулуп жатышат. Жалпы өлкөдө ушул айда уландарды армияга чакыруу өнөктүгү башталды.

"Рашттагы окуялардан кийин армияга ишене албай калдык. Уулдарыбызды мындай шартта кантип аскерге жөнөтөт элек?! Өкмөт балапан ооз, армияга жаңы эле барган балдарды ушундай операцияларга жөнөтүп жатат",- дейт түштүктөгү Вахш шаарынан Фуркат Жалолов.

Бохтар кыштагында жашаган Сухроб Сафаров өз инисин жаңы эле Россияга узатканын, айылда армия жашына келген жети-сегиз баланын баары Тажикстандан тышка чыгып кетишкенин айтты.

Курган-Тепе шаарындагы аба жана темир жол кассаларында Россияга каттаган учактарда, поезддерде ушул айдын этегине чейин бир да бош орун жоктугун тастыкташты.

XS
SM
MD
LG