Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 03:50

Казакстан Кытайдын суу сактагычы экология үчүн кооптуу экенин айтууда


Кытайдын Шинжаң –уйгур автоном районунун аймагында курулуп жаткан суу сактагыч Балкаш көлүнүн экологиясын бузарын бүгүн Казакстандын айлана –чөйрөнү коргоо министринин орун басары Элдан Садвакасов билдирди. Анткени суу сактагычтан улам Иртыш дарыясынын Казакстанды көздөй агымы азаят жана Балкаш көлүндөгү суунун көлөмү төмөндөйт. Садвакасов белгилегендей, климаттагы өзгөрүүлөр жана коңшу өлкөлөрдүн гидроэнергетикалык долбоорлору акыркы 40 жылда Казакстандагы суунун көлөмүн 40%га азайтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG