Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Казакстанда дарыгер министрдин диагнозун бурмалаганын моюнга алды


"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат катчысы Мурат Жумабай кабар таркатты. Ага ылайык, Дарыгерлер консорциумунун төрагасы Алибек Мустафин саламаттык министри Жакшылык Доскалиевдин өтүнүчү менен анын жүрөгү кармады деген жалган диагноз жазып бергендигин моюнга алды. Өткөн аптада финансы полициясы 54 жаштагы Доскалиев камакка түшпөстүн айласынан жүрөк оорусуна чалдыккан болумуш болуп жатат деген шектенүү билдирген. Доскалиев кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып, мамлекеттик каражатты ысырап кылган деп айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG