Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Кошмо Штаттары Босния лидерлерин ынтыммакка чакырды


Мамдепартаменттин маалымат катшысы Филип Кроли Босния-Герцеговинада кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгында улуттар аралык бөлүнүп-жаруучулук күчүндө калгандыгы анык болгондон кийин кабарчылардын алдында сүйлөдү:

- Өлкөнү Евро-атлантикалык биригүүнүн жолуна биротоло салуу үчүн зарыл болгон конституциялык жана башка маселелерди чечүүгө нийеттүү өкмөттүн түзүлүшүн күтөбүз.

Алдын-ала эсепке ылайык, Босниянын үчилтик президентинин мусулман мүчөсү сабырдуу турумдагы Бакир Изетбегович болуп калат шекилдүү. Шайлоо өнөктүгүндө Изетбегович өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн башка улуттар менен кызматташууга сөз берген. Президенттиктин хорват мүчөсү, көп улуттуу Боснияны колдогон Зелико Космич добуштардын 60 пайызы менен дагы төрт жылга шайланды. Босниялык сербдердин өз алдынчалыгын жактаган учурдагы серб президенти Небойся Радманович да добуштардын дээрлик 50 пайызы менен кайра шайланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG