Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Г.Павлюкка эстелик тургузулат


8-октябрда Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрынын каршысында белгилүү журналист Геннадий Павлюкка арналган эстеликтин ачылышы болот. Бул тууралуу “Эркин муун” деп аталган либерал жаштардын альянсы билдирет. Эстеликти ачуу иш-чарасы саат 11:00дө болуп, ага Г.Павлюктун жакындары, санаалаштары, журналисттер коомчулугу, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышмакчы.

Г.Павлюк учурунда К.Бакиевдин доорун сындаган макалаларды жазып турган. Ал “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, “Белый параход” басылмасынын түзүүчүсү болгон. Ал былтыр 16-декабрда Алма-Ата шаарына барып, ошол эле түнү кечинде колу-буту байланган абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылган. Казак полициясы аны белгисиз бирөөлөр 6-кабаттан колу-бутун байлап туруп, ыргытып жибергенин аныкташкан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG