Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Сот системасын реформалоо маселеси талкууланат


Бүгүн жана эртең Бишкекте сот системасын реформалоо боюнча талкуулар өткөрүлөт. Сот системасын реформалоо боюнча Адилет министрлиги даярдаган 5 мыйзам долбоор ортого коюлуп, аларды баш мыйзамга шайкеш келтирүү маселеси каралмакчы. Талкууга жергиликтүү жана Жогорку Соттун судьялары, мыйзам долбоорлордун авторлору, президенттин администрациясынан өкүлдөр, прокуратура кызматкерлери, бизнес жана адвокаттык чөйрөнүн адамдары, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, юристтер, эксперттер катышмакчы. Сот системасын реформалоо багытындагы иш-чараларга Европа Биримдигинин Парламенттик жана конституциялык реформаларды колдоо долбоору, БУУнун Өнүктүрүү долбоору жана “Сорос-Кыргызстан” кору көмөк кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG