Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Р. Отунбаева жаштарды жигердүү болууга чакырды


Президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан жаштар курултайында сөз сүйлөп жаштарды калктын аялуу катмары болбостон жигердүү болууга, коррупцияны тизгиндөөгө жандуу катышууга үндөдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иши боюнча министрликтин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова билдирди. Анын айтымында, курултай апрель ыңкылабындагы жаштардын ролу тууралуу ролик менен ачылып, анда курман болгондор эскерилди.

“Жаштардын үнү - кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган республикалык жаштар курултайы шаардагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жатат. Иш-чара эртең жыйынтыкталмакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG