Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Пентагон: Ооганстанда 100дөн ашык согушкер өлтүрүлдү


АКШнын коргонуу департаментине ылайык, соңку жарым айда АКШ менен НАТОнун күчтөрү Пакистандын аймагынан өтүп келген талиптердин "Хаккани" тобунун 100дөн ашык мүчөсүн жок кылышты. Пентагондун маалымат катчысы Жеофф Моррелге ылайык, чабуулдар "Хакканинин" Ооганстандын чыгышында аракеттенген адамдарын бутага алды. "Ал-Кайида" менен байланышы болгон бул топту АКШ Ооганстандагы аскерлерине башкы коркунуч келтирген күч деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG