Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Бишкек: “Ата Журт” партиясынын кеңсесине митингчилер кирип барышты


“Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жүз чакты мүчөсү шаардагы “Ата Журт” партиясынын кеңсесине кирип барып, буюм-тайымдарды талкалап, үгүт материалдарын өрттөштү. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева "Азаттыкка" окуя болгон жерге оперативдүү топ жөнөп кеткенин, иш териштирилип жатканын билдирди. Мындан мурдарак “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун отуз чакты өкүлү Жогорку Кеңештин алдында мурунку президент Курманбек Бакиевди кайта алып келүүгө каршы акция өткөрүп жатышкан болчу. Алар "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин мурунку президент Курманбек Бакиевди алып келүүгө байланыштуу Интернетке жарыяланган сөзүнө нааразылык билдиришкен.

Бирок Камчыбек Ташиев кечээ кечинде КТРКнын "Ала-Тоо" программасы аркылуу мындай сөз айтпаганын билдирип, аны чагым катары баалаган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG