Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

"Ата Журттун" кеңсесине кол салган митингчилерге М. Абдылдаев келди


“Ата Журт” партиясынын Бишкектеги кеңсесинин жанында чогулгандарга аталган партиянын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев келип сүйлөп, митингчилердин суроолоруна жооп берип жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр кеңсени ээлеп алгандардын баары сыртка чыкты, милиция сырттан көзөмөлдөп турат. Мындан бир аз мурдарак “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмдарынын жүзгө жакын өкүлү “Ата Журттун” Бишкектеги кеңсесине кирип барышкан. Кеңседеги буюм-тайымдар талкаланып, үгүт материалдар өрттөлдү. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан “Азаттыкка” окуя болгон жерге ыкчам иликтөө топ жөнөп кеткенин маалымдады.

“Ата Журт” партиясынын Оштогу штабынын жетекчиси Ажибай Калмаматов “Азаттыкка” аталган партиянын Бишкектеги кеңсесине болгон кол салууну алсыз күчтөр уюштурган чагым деп билдирди. Партия лидерлери мындай күчтөргө каршы жооп ирээтинде иш-аракеттерди жасабоо тууралуу макулдашып жатышканын белгиледи.

"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын өкүлдөрү бүгүн күндүзү борбордук эски аянтка митингге чыгышкан. Алар "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин мурунку президент Курманбек Бакиевди алып келүүгө байланыштуу айрым маалымат каражаттарына жарыяланган сөзүнө нааразылык билдиришкен.

Бирок Камчыбек Ташиев кечээ кечинде КТРКнын "Ала-Тоо" программасы аркылуу мындай сөз айтпаганын билдирип, аны чагым катары баалаган болчу.(EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG