Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Талас: Эки партия “Учкун” басмаканасын сотко берет


Талас облусундагы көз карандысыз “Дабан” гезитинин башкы редактору Мира Сейдикеримованын “Азаттыкка” маалымдашынча, 5-октябрда Бишкектеги “Учкун” басмаканасы тарабынан 7 миң нускалуу гезиттин 15-саны чыкпай калган. Ал гезитте “Замандаш”, “Республика” партияларынын үгүт макалалары басылган. Аталган партиялардын облустук өкүлдөрү гезитти сотко берүүгө даярданышууда. “Учкун” басмаканасы гезит басылбай калганын басмаканада кагаздын түгөнүп калганы менен түшүндүрдү. Талас шаардык гезити да ушундай эле себеп менен сентябрдын башынан бери жарыкка чыкпай келет. (UA)

XS
SM
MD
LG