Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Тажикстанда кулаган тик учакта 26 киши набыт болду


Мамлекеттик коопсуздук комитетинин 22 кызматкери жана 4 учкуч Дүйшөмбүдөн 195 чакырым алыс Рашт өрөөнүндө кырсыкка кабылган учакта өлдү. Тажик улуттук гвардиянын маалымат катчысы Содик Шеховдун айтымында, алгачкы иликтөөлөр боюнча учактын кыйрашына техникалык себептер негиз болгон. Кырсыкта аман калган 4 киши ооруканага жаткырылды. Бул ушул ай ичинде Рашт өрөөнүндөгү экинчи учактын кыйрашы. Буга чейин тажик расмий бийлиги тоолуу Рашт өрөөнүндө тик учактарды пайдаланууга улуксаат бербей келген.

19-августта Камароб капчыгайындагы тажик өкмөтү менен мурдагы талаа команидирлеринин ортосундагы кармашта 26 тажик армиясынын аскерлери курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG