Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Экономикалык жанданууда Кытай алдыда келатат


Валюта коруна ылайык, дүйнөлүк жанданууда Кытайдын экономикасы быйыл 10 жарым пайызга, Бразилия жети жарым пайызга өсөт. Кор АКШда 2.6 пайыз, евро-мейкиндикте 1.7 пайыз өсүш болот деп боолголойт. Кор ошондой эле дүйнө боюнча 210 миллион киши жумушсуз экендигин билдирди. Бул экономикалык кризис башталаардын алдыңкы жылы болгон 2007-жылдагы көрсөткүчтөн 30 миллионго көп. Ал эми Бириккен Улуттар уюму быйыл 22 өлкөдө, анын ичинде Тажикстанда 166 миллион киши создугуп бараткан ачарчылыктан жапа тартаарын эскертүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG