Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

К.Ташиевдин аудиосу саналган факт боюнча кылмыш иши УКМКга өткөрүлдү


Бул тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Башкы прокурор Кубатбек Байболов билдирди. Анын айтымында, интернетте пайда болгон К.Ташиевге таандык делген аудио жана видеолор тууралуу Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп аткан маалда “Ата-Журт” партиясынан Садыр Жапаровдун колу коюлган кат келген. Анда интернетте пайда болгон материалдар жасалма экендиги айтылып, бул боюнча Башкы прокуратуранын чара көрүүсү суралган. Ошол себептүү Башкы прокуратура факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши аймактар аралык касташууну көкүткөн деген негиздеги 299-берене боюнча козголгондуктан, учурда кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG