Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Кеңсесине кол салуу фактысы боюнча “Ата-Журт” сотко арызданбайт


Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү бүгүн Ош шаарында маалымат жыйында билдиришти. Алар “Ата-Журттун” Бишкектеги кеңсесине кол салууну каршылаш партиялар уюштурган чагым деп баалашты. Кечээ партиянын шаардагы кеңсесине “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жүзгө чукул өкүлү кирип барып, буюм-тайымдарды талкалап, үгүт материалдарды өрттөшкөн. Алар "Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудио-видеодо мурунку президент Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сөз болгонуна нааразыланышкан. Башкы прокурор Кубатбек Байболов “Азаттыкка” К. Ташиевдин аудиосу деп саналган факт боюнча кылмыш иши козголгонун, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлдү, деп билдирди. К. Ташиев өз кезегинде бул аудионун пайда болушун чагым деп атоодо. (EBM)

XS
SM
MD
LG