Бүгүн Коомдук телерадиоканалдын президентин тандоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Ага жыйырма адам катышууда. 1-октябрда сынактын биринчи айлампасында эки киши өтпөй калган. Сынак эки тур менен аяктап, Байкоочулар кеңеши анын негизинде жаңы жетекчинин ысымын атайт. Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр алтынчы адам өзүнүн план-программасын тааныштырууда. Улуттук телерадио корпорациясы ушул жылдын сентябрь айында коомдук телеканалга айланган. (EBM)