Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:44

Ага Хан кору Нарын аэропортун оңдоо боюнча долбоор сунуштады


Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев кечээ Ага Хан корунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, анда А. Муралиев аталган кордун Ош жана Нарын облустарындагы тоолуу аймактарды колдоо боюнча программасы ийгиликтүү ишке ашканын билдирди. Ага Хан корунун өкүлдөрү өз кезегинде Нарын аэропортун оңдоп калыбына келтирүү боюнча долбоор жана башкы план сунушташты. Аэропортту калыбына келтирүү Борбор Азия университетинин Нарын (Кыргызстан), Текели (Казакстан) жана Хорог (Тажикстан) шаарларындагы үч кампусун байланыштырууга, ошондой эле аймактактагы экономикалык өнүгүүгө шарт түзөрүн баса белгилешти. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG