Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Ош: чагым салуунун жаңы түрү пайда болду


Ошто уюлдук телефонго коркуткан билдирүүлөрдү таштаган бир адам кармалды.
Ошто уюлдук телефонго коркуткан билдирүүлөрдү таштаган бир адам кармалды.

Ош шаарында шайлоочуларга телефон аркылуу коркуткан билдирүүлөрдү тараткан адам кармалып, кылмыш иши козголду. Ал уюлдук телефон аркылуу «Ата Журт» партиясын колдобогон өзбек улутундагы шайлоочуларга коркутуу мазмундагы кыска билдирүүлөрүн жолдогон.

Ошол эле учурда аталган партиянын жергиликтүү өкүлчүлүгү бул фактыны алардын партиясына карата жасалып жаткан атайын каралоо аракети деп айтып жатышат.

Чагымчы SMS

Акыркы жумада Ош облусунда тигил же бул партия улут аралык жаңжал, өлкөнү бөлүп жаруу жана шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрүп жаткандыгына байланыштуу ушак кептер көп айтыла баштады. Алардын арасында уюлдук телефондорго келип жаткан өзбек тектүү жарандарга карата коркутуу бидирүүсү эл арасында кыйла тынчсызданууну пайда кылды.

Мындай SMS Ош шаарынын тургуну Жылдыз Бекбаеванын номерине да түшкөн:

- Үч күн мурда менин номериме «Билайн» абонентинен SMS келди. Кызыгы номер белгилүү эле. Мазмуну мындай «Урматтуу өзбек туугандар, 10-октябрь күнү «Ата Журт» партиясына добуш бербесеңер, 12-октябрда үйүңөр өрттөнөт. Убактылуу өкмөт» - деп жазып коюптур. Мен билдирүү келген номерге дароо чыксам номер иштебейт экен.

Бул факты боюнча Кадамжай районунун тургуну Бакыт Исманов кармалып, кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Турат Асанбаев ушундай чагымдар жергиликтүү жашоочулардын шайлоо күнкү жана шайлоодон кийинки акыбал өтө опурталдуу болот деген кооптонууга жетелеп жатат дейт:

- Эл арасында опурталдуу ушактарды атайылап таркаткандар бар. Ушундан улам кыргыз, өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү баары тең бирдей камтама болуп жатышат. Жашоочуларда айрыкча шайлоо күнкү жана андан кийинки абалдан коркуу сезилет. Ушактар менен күрөшүү иштеринин акыркы натыйжасы 2-октябрда улут аралык араздашууга үндөгөн билдирүү тараткан адамдын бирөөсүн кармадык.

Н. Сулайманов: “Ата Журттун” тиешеси жок

Ошол эле учурда «Ата Журт» партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү мындай билдирүүлөргө алардын тиешеси жоктугун, бул партияны каралоо үчүн гана жасалган иш чара экенин айтып жатышат. Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Сулайманов буларга токтолду:

- Биз бул боюнча атайын өзүнчө тергөө иштерин баштадык. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бул нерсенин бир эле себеби бар. Мен ачык эле айтам, бүгүнкү күндө «Ата Журттун» күйөрмандары көбөйүп кеткендиктен ушундай иштер жасалып жатат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын акыркы маалыматына ылайык, облустун аймагында тигил же бул партияны каралоо аракетин көргөн, улут аралык кырдаалды курчутууга май тамызууну көздөгөн баракчалар, дисктер табылган. Бирок материалдарды кимдер таратып жаткандыгы азырынча белгисиз.

Мындан мурдараак болсо өлкө түштүгүндө тараталып жаткан ар кандай ушак-айыңдарга каршы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын долбоору ишке кирген болчу. Китепче түрүндө чыга турган таркатма кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарык көрмөк, бирок уюштуруу иштери бүтө электигине байланыштуу эл арасында сөз болуп жаткан айың кептердин чын-төгүнүнүн баяндай турган мындай китепче али жарык көрө элек.

XS
SM
MD
LG