Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Дүйнө экономикасы акырындап тикеленет


Белгия -- Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао Брюсселдеги саммитте кокус Кытайда экономикалык кризис башталса, анда бул көңкү дүйнө үчүн чоң балакет болот деп эскертти.
Белгия -- Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао Брюсселдеги саммитте кокус Кытайда экономикалык кризис башталса, анда бул көңкү дүйнө үчүн чоң балакет болот деп эскертти.

Финансы кризисинен кийин дүйнөнүн экономикасы илкип-калкып ирденип келатат, бирок абал морт бойдон калды. Эл аралык валюта фондусунун эксперттери жарыялаган докладда ушундай корутунду жасалат.

Эксперттер эсебинде дүйнөдөгү дүң өндүрүш быйыл 4,8 процентке өсөт, эмдиги жылы ал 4,2 процент болот. Башкача айтканда, өнүгүү арымы 0,6 процентке төмөндөйт.

Фонддун башкы экономисти Оливье Бланшар дүйнөдө экономиканын өсүшү жалпы эсепте алганда басаңдай турганын белгилеп, кайра тикеленүү солгун тартарын, анткени айрым өлкөлөр жагдайды жөнгө салуунун чечкиндүү чараларын көрбөй жатканын бөлүп көрсөттү.

Фонд өзгөчө европа өлкөлөрүн өз банктарын колдогонду токтотушу керек, болбосо жалпы континентте финансылык жаңы кризис тутанып, экономикалык солгундоо узак мезгилге созулуп кетиши ыктымал экенин эскертти.

Эксперттер АКШда жана евроаймакта экономика акырындап кайра баштагы оролуна келет дешет. Бул көрсөткүч АКШда болжол менен быйыл 2,6 процентке барабар болсо, еврозонада 1,7 процентти түзөт.

Мунун себеби докладда быйыл жаз этегинде жана жайда Европада кескин курчуп кеткен карыздар проблемасы менен түшүндүрүлөт. Ушул жагдай инвесторлор менен бизнестин ишенимине катуу капшабын тийгизди, натыйжада АКШда жана евроаймакта кайра тикеленүү арымы аксап калды.

Россияда экономикалык өсүш быйыл 4 проценттин тегерегинде болот, алдыдагы жылы 4,3 процент болушу мүмкүн. Ушундай эле көрүнүш постсоветтик аймактагы көпчүлүк өлкөлөргө мүнөздүү болот. Бир гана Кыргызстандын экономикасы быйыл 3,5 процентке кыскарат, бирок келерки жылы дароо 7 процентке өсөт. Баарынан Түркмөнстан ыкчам өнүгөт, дүң өндүрүштүн көрсөткүчү бул өлкөдө быйыл 9,4 процент өнүм берет, алдыдагы жылда 11,5 процентке жетиши ыктымал.

Фонддун эксперттери өнүгүп жаткан өлкөлөр байгер мамлекеттерге караганда келерки жылы үч эсе ылдам өсөт деп болжолдошот. Дүйнөлүк экономикалык өнүгүү негизинен ыкчам оожалып бараткан азиялык өлкөлөр эсебинен камсыз кылынат. Кытай жана ирденип жаткан бир катар өлкөлөр жакынкы жылдарды жалпы өнүгүүнүн локомотиви болуп калат. Быйыл экономика Кытайда - 10, Бразилияда – 7,5 процентке өсөт.

Азия аймагында жалпы өнүгүү быйыл 7,9 процентти түзөт. Эмдиги жылы да ушуга жакын болот. Ошол эле учурда Азияда узак мезгилдүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Кытай өзүнүн улуттук акчасын бекемдеши зарыл.

Бул маселе шаршемби күнү Брюсселде болуп өткөн "Евросоюз-Кытай" саммитинде да козголду. Европалыктар Кытай юандын баасын атайылап эле өтө төмөн деңгээлде кармап турганына, натыйжада кытайлыктардын экспорту арзандап, мындан чет элдик соода өнөктөрү зыян тартып жатканына басым жасашты.

Буга байланыштуу Кытай өкмөтүнүн башчысы Вэн Цзябао бул маселеде бизге кысым жасабагыла деп өтүндү. Эмнеге дегенде кытайлык товар экспорттоочулардын кирешеси болгону 2-3, ашып барса 5 процентти гана түзөт.

"Эгер биз АКШ конгрессинин талабына макул болуп, юандын курсун 20-40 процентке көтөрсөк, көптөгөн компаниялар ошо замат жабылат, кишилер ишсиз калат, жумушчу-мигранттар өз кыштактарына кайтканга аргасыз болот, мындан бүткүл коом жапа чегет. Кокус кытай экономикасында кризис башталса, анда бул жалпы дүйнө үчүн балакет болот",- деп эскертти кытай премьери.

XS
SM
MD
LG