Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Журналист Павлюкту өлтүрүүгө тиешеси бар делгендер кармалды


Маркум журналист Геннадий Павлюк
Маркум журналист Геннадий Павлюк

Казакстандын ИИМи кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө тиешеси бар делген шек менен эки киши кармалганын кабарлады.

Кармалгандардын аты-жөнү жана жарандыгы учурда такталууда. Мурда кабарларда Кыргызстандын атайын кызматына тиешеси бар адамдардын бул окуяга катышы болушу ыктымалдыгы айтылган. Кармалгандар ошолор да болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.

Кимдер экени азырынча айтылбайт

6-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Куаныш Жумановдун маалымат жыйында билдиргенине караганда, журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө тиешелүү делген эки адам өткөн аптада Алматы шаарындагы ресторандардын биринде кармалган. Ушул эле министрликтин маалымат каражаттары менен байланышуу башкармалыгынын жетекчиси Олег Иващенко “Азаттыктын” Казак кызматына тергөө амалдарына байланыштуу башка маалымат айтылбай тургандыгын билдирди:
Маркумду акыркы сапарга узатуу, Ысык-Көл, 2009-жылдын 24-декабры.

- Биз сиздерге айта турган маалыматты айттык. Калган маалымат козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөдөн кийин айтылат. Азыр болгону ушул эле.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматында да, Башкы прокуратурада да кылмышка шектүү делип Алматыда кармалгандардын ким экени тууралуу маалымат азырынча жок. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Кубаныч Сабыров:

- Тергөө иштери Казакстанда жүрүп жаткандан кийин бизде азыр так маалымат жок. Биз ал жакка барып журналисттерден сураганыбызда алар да билбей тургандыгын айтышты.

Буга чейин Казакстандын ИИМи бул кылмышка Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар болушу ыктымал экенин билдирген. Алардын арасында Улуттук коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун аты аталып жүргөн. Бул окуяга байланыштуу Г.Павлюк менен жакын мамиледе болгон саясатчы Өмүрбек Текебаев Казакстанга чейин чакырылып, сурак берип келген.

Иш жанданды, жыйынтыгы болобу?

Ө.Текебаев “Азаттыкка” курган маегинде акыркы төрт-беш айда басаңдап калган тергөө иштеринин жанданышын кубаттады. Анын божомолунда, кармалган кишилер буга чейин шектелип жаткан кыргыз атайын кызматынын кишилери да болушу ыктымал.

- Мен бул иштин жүрүшү менен жакындан таанышмын. Бирок алардын ким экендигин азырынча билбейм. Казак тергөөчүлөрдүн айтымында, буга Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси бар деген маалымат бар болчу. Кармалгандар алар да болушу мүмкүн, башкалар да болушу мүмкүн. Мурда айтылып жаткан Алдаяр Исманкулов качып жүргөнүн билебиз, бирок кайсы жакта жүргөнү белгисиз. Балким ал Казакстанда жүрсө колго түшүп калышы ыктымал. Анын туугандарынын ошол жакта чоң бизнестери бар, Казакстанга качып барууга негиз бар болчу. Казак тарап бул ишти жандандырганы бизди кубандырат.
Өмүрбек Текебаев бул иш боюнча Казакстанга чейин чакырылып, казак тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берип келген, 2010-жылдын 26-марты.

Окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү болгон кыргызстандык көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда көп кабаттуу үйдөн жабышкан желим менен колу-буту таңылып туруп ыргытылган. Алты күндөн кийин эсине келбеген тейден ооруканада көз жумган.

Журналист менен жакын мамиледеги саясатчылар жана кесиптештери журналист өз кесибине байланыштуу киши колдуу болгонун, анткени анын мурдагы бийлик учурунда оппозициялык маанайдагы ири медиа долбоор ачуу пландары бар болгонун айтып чыгышкан. Укук коргоочулар бул окуяны сөз эркиндигин кысуу жана бийликтин саясатын ачык-айкын сындаган адамдарга сес көрсөтүү катары баалашкан.

8-октябрда Бишкекте киши колдуу болгон журналисттин эстелиги ачылат.

XS
SM
MD
LG