Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Тажик армиясы 28 жоокер набыт болду деген маалыматты төгүндөдү


Тажикстандын Улуттук гвардиясы Рашт өрөөнүндө тик учак кырсыгынан 28 жоокер набыт кетти деген маалыматты төгүнө чыгарды. Армиянын расмий билдирүүсүндө тик учак кулаганда команданын 4 мүчөсү, кийинчирек жарадар болгон дагы 3 киши өлгөнү айтылат. Расмий маалыматка караганда, кырсык техникалык себептерден улам келип чыккан. Бүгүн бир нече маалымат каражаттары аскерий булактарга шилтеме жасап, 28 аскер набыт кеткенин кабарлашкан. Улуттук гвардиянын басма сөз өкүлү Хайриниссо Комилова Раштта минанын жарылуусунан 6 жоокер каза болду деген маалыматты комментарийлеген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG