Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Аба ырайы жана кийинки күндөргө шашылыш билдирүү


8-октябрга карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 даража жылуу болот, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 даража жылуу болоору күтүлүүдө. Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7 даража муздак, ал эми күндүз 0…5 даража жылуу болот.

Бишкек шаарында 8-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 14…16 даража жылуу болот.

Ал эми 9-10-октябрда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде 0… -2 даража суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйналбаган, жылуулукту сүйүүчү жемиш бактарына, жашылчаларга жана казып алынып, жабылбаган картошкага коркунуч алып келет.

XS
SM
MD
LG