Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Грузия жана Литвалык адистер жаштарга экономиканын сырларын үйрөтүштү


Грузия, Латвия жана Франциядан келген экономикалык реформаторлор жана адистер Кыргызстан, Казакстан, Тажикстандын жаштарына бир жума бою экономикалык реформалардын, өнүгүүнүн сырларын үйрөтүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун долбоорлор боюнча координатору Камила Мурзаева билдирди.

Аталган институттун алдындагы Эркин рынок мектебинин окуулары Ысык-Көлдө өтүп, кечээ жыйынтыкталды. Алты күндүк окуунун катышуучулары соода, салык, жеке менчик, миграция жана мамлекеттик коромдор жаатында кызуу талкуу өткөрүштү. (IJz)

XS
SM
MD
LG