Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:07

Aга Хан кору Нарын аэропортун ишке киргизүүнү сунуштады


Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев менен жолугушууда кордун баш өкүлү Нуржехан Мавани белгилегендей, аэропортту калыбына келтирүү Нарындагы Борбор Азия университетинин курулушун тездетип, окуу жайдын Казакстан, Тажикстандагы кампустары менен байланыштыруу менен катар, Нарындагы экономикалык өнүгүүгө да өбөлгө болот.

Амангелди Муралиев аталган кордун Ош жана Нарын облустарындагы тоолуу аймактарды колдоо боюнча программасы ийгиликтүү ишке ашып келатканын билдирди. Ага Хандын кору Ооганстан, Кения, Уганда, Египет, Пакистан, Сирия сыяктуу өлкөлөрдө жана Улуу Британияда университеттерди ачкан. Жергиликтүү элдин турмушун жакшыртууга багышталган адистиктер боюнча эл аралык деңгээлде билим берген окуу жайга студенттер билим деңгээлине жараша кабыл алынып, зарыл болсо стипендия менен камсыз болот. (JCH)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG