Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Бюллетендер жер-жерлерге жеткириле баштады


Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бюллетендер алгач райондук жана шаардык шайлоо комиссияларынан алыс жайгашкан айылдарга жеткирилип, андан соң гана жакынкы бекеттерге таркатылат. 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо үчүн кеминде 2 миллион 800 миңден ашуун бюллетен басылып чыгып, октябрь айынын башында райондук жана шаардык шайлоо комиссияларына жеткирилген. Календардык планга ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө бир-эки күн калганда бюллетендер менен камсыз болууга тийиш. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG