Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Бишкекте маркум журналист Павлюктун эстелиги ачылды


Эстеликтин расмий ачылышына Башкы прокурор Кубатбек Байболов баштаган бийлик өкүлдөрү, Геннадий Павлюктун жакындары, санаалаштары, журналисттер коомчулугу, катышышты. Скульптор Аскар Турумбековдун колунан жаралган эстеликте маркум журналисттин үн жазгычты кармап турган абалы көрсөтүлгөн.

Геннадий Павлюк учурунда “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, “Белый параход” басылмасынын түзүүчүсү болгон. Ал былтыр 16-декабрда Алматы шаарына барып, ошол эле түнү колу-буту байланган оор абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылып, көп өтпөй ооруканада эс-учуна келбеген бойдон кайтыш болгон. Маркумдун мындай окуяга кабылышын санаалаштары, ошол кездеги кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү журналисттик ишмердигине байланыштырышкан. Бул окуя боюнча Казакстандын тиешелүү органдары кылмыш ишин козгоп, аны териштирүүдө. Аз күн мурда Казакстандын ички иштер министрлиги Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар делген эки адам кармалганын кабарлады. (KKs)

XS
SM
MD
LG