Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Роза Отунбаева: шайлоону жылдырууга негиз жок


Президент Роза Отунбаева бүгүн эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк дипломатиялык тармактардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Кыргызстанда парламенттик шайлоону жылдырып, же токтотууга эч кандай негиз жоктугун билдирди. Жолугушууга катышкан кабарчыбыздын айтымында, өлкө президенти анда шайлоо өтүшү үчүн бардык аракеттер жасалып жатканын, шайлоо бекеттеринде биринчи жолу бардык добуш берүүчүлөрдүн тизмеси ачык жарыяланып, 2 289 добушканалардын бардыгы шайлоого даяр экенин белгиледи. Мындан сырткары шайлоонун таза өтүшү үчүн шайлоо бекеттерине факс жабдыктары жана протоколдор салына турган атайын корголгон баштыкчалар жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо эки күндөн кийин, 10-октябрда өтмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG