Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

К. Байболов: Буга чейин журналисттерди куугунтуктагандарга катуу чара көрүлөт


Маркум журналист Г. Павлюкка арналган эстеликтин ачылышында башкы прокурор Кубатбек Байболов сөз сүйлөп, Г. Павлюктун өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Мындан сырткары мурдакы бийликтердин учурунда журналисттерге, сөз эркиндигине кысым көрсөткөн атайын кызматтарды жоопко тартуу иштери жүргүзүлөөрүн, бул багытта көзөмөл ишин өзү колго аларын кошумчалады.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк былтыр 16-декабрда Алматы шаарында колу-буту байланган оор абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылып, 6 күндөн соң ооруканада эс-учуна келбеген бойдон кайтыш болгон. Маркумдун мындай окуяга кабылышын ошо кездеги кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү журналисттик ишмердигине байланыштырышкан. Бул окуя боюнча Казакстандын тиешелүү органдары кылмыш ишин козгоп, аны териштирүүдө. Аз күн мурда Казакстандын ички иштер министрлиги Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар делген эки адам кармалганын кабарлады.

Бүгүн Бишкект маркум журналист Павлюктун эстелиги ачылды. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG