Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Таласта 20 гектар чарбалык жерди суу каптап кетти


Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчи адиси Абдушарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Талас облусунун Манас районунда 6-октябрь күнү кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кичи-Капка аттуу селден сактоочу дамбанын 10м (750м³) аралыгы бузулган. Натыйжада бир көпүрөнү, ички айыл чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Манас айылынын тургуну М. Жунусовтун бир гектар буурчак айдалган үлүш аянтын жана бир баш тайын суу агызып кеткен. Жалпы чарбалык жерлердин 20 гектарын суу каптаган. Бул табият кырсыгынан кыйроолор болгон жок жана адам өмүрүнө зыян келген эмес. (KKs)

XS
SM
MD
LG