Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

АКШ Ооганстанга жөнөткөн акча кээде талиптердин колуна түшүп калган


Бул тууралуу Сенаттын аскер күчтөрү боюнча комитетинин соңку баяндамасында айтылды. Көрсө Ооганстанда күзөт иштерин жүргүзгөн фирмалардан кызматкерлерди алуу үчүн бөлүнгөн акча талиптерге да өтүп кеткен учурлар болуптур. Бул үчүн күнөө ошол фирмалардын ишин дурус текшерип, көзөмөлдөй албаган Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө жүктөлдү. Баяндамада айтылгандай, быйыл майга карата коопсуздук боюнча менчик фирмалардын 26 миңдей кызматкери Ооганстанда АКШнын Коргоо министрлигинин атынан иштеп турган. Быйыл августта ооган президенти Хамид Карзай чет-мамлекеттердин бул өлкөдөгү күзөт ишканаларын төрт айдын ичинде жабууну буйруган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG