Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Баткен: Көк-Талаа - Пүлгөн жолу келерки жылдан тарта курула баштайт


Бул тууралуу Таранспорт жана байланыш министринин жол чарбачылыгы башкармалыгынын директору Ызатбек Токтомамбетов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Бул долбоордон сырткары Ысык-Көл айлампа жолун куруу долбоорун учурда Кытай өкмөтү карап жаткан чагы. Эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кытай тараптагы бажы өткөрүмүнө чейинки жол да келерки жылда курула баштары пландалууда. Маалыматка ылайык, быйыл бюджеттен жолдорду оңдоо иштери үчүн 1,5 млрд. сом каражат бөлүнгөн. Натыйжада өлкөнүн аймагында 53 чакырым жол жаңыдан асфальтталган жана 220 чакырымга чукул жолго шагыл төгүлүп, кайрадан калыбына келтирилген. Ошондой эле 113 чакырым айылдардагы жолдорго кум шагыл төгүлүп, жаңыртылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG