Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Алтын баасы асмандоодо, андан Кыргызстан эмне алат?


Инвесторлор алтынды азыр иштетүү үчүн эмес, сактап коюу үчүн көбүрөөк сатып алып жатышат.
Инвесторлор алтынды азыр иштетүү үчүн эмес, сактап коюу үчүн көбүрөөк сатып алып жатышат.

Үстүбүздөгү аптада алтындын баасы дүйнөлүк базарда жаңы рекорддук чектерди багындырып, бир уницийи 1350 доллардан ашып, кайра бир аз төмөндөдү. Дүйнөлүк базардагы мындай тенденциянын алтын өндүргөн өлкөлөр катарында турган Кыргызстанга пайдасы канчалык, баанын көтөрүлүшү алтын кендерге реалдуу инвесторлорду кызыктырабы?

Дүйнөлүк базардагы соңку өзгөрүүлөрдү комментарийлеген талдоочулар баанын өсүшү мындан ары да уланып, бир униций алтындын наркы балким 2000 доллардан ашып кетүүсү мүмкүндүгүн айтуу менен кыска жана узак мөөнөттө буга таасир берүүчү жана берип жаткан жана бир нече факторлорду аташууда. Мисалы, алтындын бул аптадагы баасына таасир берген утурумдук факторлордун бири катары Жапония өкмөтүнүн кыйынчылыкты баштан өткөрүп жаткан экономикага 60 миллиард доллар каражат кую жөнүндөгү чечими да көрсөтүлдү.

Жулиан Вудкок (Julian Woodcock) - “Gold Fields” деген эл аралык компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн (Gold Fields KR LLC ) башчысы, Бишкектеги эл аралык ишкер кеңештин мүчөсү. Ал “Азаттыкка” курган маегинде эл аралык базарда алтынтын баасынын кымбатташын мындайча чечмеледи:

- Мен байкаган маалыматтарга негизденсем башкы себептердин бири - акыркы эки жылдагы каржылык кризистин эл аралык инвесторлорго тийгизген таасири. Алар мурда салтка айлангандай баалуу кагаздарга инвестиция жасап келген болсо, азыр алтынды инвестициянын коопсуз булагы катары карашууда. Андыктан ушу тапта алтынга карата эң чоң суроо талап, инвесторлордон, инвестициялык банктардан, компаниялардан болууда. Менимче, мына ушул нерсе баанын көтөрүлүшүн шарттап жатат.

Ал эми Лондондогу “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун Кыргызстан боюнча талдоочусу Жон Эндрю (John Andrew) "Азаттыкка" курган маегинде алтын баасынын асмандашынын соңку себептерине төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Дүйнөлүк экономика рецессиядан чыгып жатканына карабай, алтын баасынын соңку кымбаттоосунун себеби - инвесторлор али балким рецессия өзгөчө АКШда, Батыштын экономикасы ири өлкөлөрүндө кайра тереңдеп кетишине күбө болушубуз мүмкүн деп тынчызданышкандыгында. Буга кошумча инвесторлор дүйнөлүк экономика кайрадан төмөндөй баштайбы деп кооптонуп жатышат. Мына ушундай кооптонуулар да алтынга бааны көтөрүүдө.

Британиялык талдоочу Жон Эндрю белгилегендей, адамдар ашыкча акчасын, баалуу кагаздарын алтынга экономикада олку-солку кырдаал жана белгисиздик өкүм сүргөн кезде алмаштырышат. Мындай учурлар тарыхта буга чейин болгон.

Иштетүү үчүн эмес, сактоо үчүн

Акыркы кездери эл аралык базарда алтынга карата суроо-талап аны керектеген зергерчилик өндүрүшүнөн эмес, инвесторлордон өскөнүн Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) деген уюм да белгилейт. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюм быйылкы жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында келтирген маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын алгачкы алты айында алтынга карата жалпы суроо-талап былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайызга өскөн же 1050 тонна алтын сатылган. Акчалай эсептегенде бул 40 миллиард доллардан ашуун дегенди туюндурат. Мунун ичинен быйылкы жылдын алты айында эле эл аралык базарда инвестициялык максатта 530 тоннадан ашуун алтын сатылып алынган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 118 пайызга көп дегенди туюндурат.

Ал эми быйылкы жылдын экинчи чейрегинде зергерчилик өндүрүшү үчүн сатылып алынган алтын көлөмү, Дүйнөлүк алтын кеңештин маалыматы боюнча былтыркы ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга азайып, 408 тоннаны түзгөн. Дүйнөдө алтынды зергерчилик үчүн керектөө жагынан эң алдыңкы орунда Индия турат. Ошол 408 тоннанын 123 тоннасын Индия сатып алган. Эгер мурдагы жылдарга кайрылсак, жалпысынан дүйнөдө 2008-жылы 3811, былтыр 3480 тонна алтын сатылган.

Баа кымбаттап, соода азайды

Кыргызстандын ички алтын-буюм базарында жергиликтүү зергерлердин үлүшү анчалык чоң эмес. Даяр продукциянын көбү сырттан алынып келинет. Алтын менен алектенгендер баа кымбаттагандан бери соода азайганын айтышууда.

Ош базарында зергер буюмдарын саткан Максат акыркы айларда алтын буюмдарына болгон баа кеминде эле 20-30% көтөрүлдү деп эсептейт:

- Мурда 2000 сомдон сатып жүргөн товарларды, азыр 2500дөн өйдө сатып калдык. Баанын кымбатташы бизге да, элге да жаман болуп жатат. Алганда кымбат алып, сатканда да кымбат алып жатабыз.

Алтын буюмдарына болгон баанын кымбатташы кардарлардын тандоосуна кыйла эле таасирин бергендей. Мындан улам кымбат баада, көп көлөмдө алтын буюмдарын сатып алгандар азая түшкөн. Буга чейин 10 миң сомго алтындан жасалган шакек, шуруларды топ кылып алуу мүмкүн болсо, учурда ошол эле акчага бир гана буюм сатып алууга мүмкүн. Алтын буюм сатуучу Эрнист Калмаматов баалардын өсүшү менен сынган алтындарды алып келип өткөргөндөр да жогору бааны талап кыла башташканын айтат:

- Үч ай мурда сынык алтындарды 750 сомго алсак, азыр граммын 1070 сомго сатып алып жатабыз. Үч айдын ичинде ошончо өсүп кетти. Эки жыл мурда азыр эле алып жаткан сынык алтындын граммын 550 сомго алчыбыз.

Алтын сатуучулар белгилешкендей, Кыргызстанга курамында алтыны көбүрөөк буюмдар Орусиядан, Түркиядан, Италиядан алынып келинет. Ал эми жергиликтүү зергер ишканалары курамында алтыны азырак болгон буюмдарды да чыгарышат. Кыргызстанда жылына 20 тоннага жакын алтын өндүрүлсө, жергиликтүү зергерлер мунун 3 пайызга жакынын гана пайдаланышат.

Зергерлер ассоциациясынын жетекчиси Чыңгыз Макешовдун ырастооосунда, Кыргызстандын базарында айланып жаткан алтын буюмдарында жергиликтүү зергерлердин үлүшү өсүү үстүндө:

- Кыргызстанда көп жылдар бою зергерчилик буюмдар аз өндүрүлчү. Жалаң импорттолгон буюмдар эле. Бирок акыркы беш жылдан бери Кыргызстанда жасалган алтын буюмдарынын жергиликтүү базардагы үлүшү өсүп келе жатат. Эгерде мурда Кыргызстандын зергерлеринин продукциясы 2-3 пайызды эле түзсө, азыр мен ойлойм 25-30 пайызга чейин жакындап келе жатат. Ошого карабастан Кыргызстандагы алтын буюмдарынын 60-70 пайызы чет мамлекеттерден алынып келинет.

Зергерлер ассоциациясынын маалыматтары боюнча учурда өлкө боюнча алтынды алып -сатуучулук менен 527 ишкана, зергерчилик менен 49 гана ишкана алектенет.


Үлкөн базардагы үркөрдөй үлүш

Дүйнөдө жылына 2000 тоннадан ашуун гана алтын өндүрүлөт. Бирок өндүрүштүн, башкача айтканда базарга чыгарылган жаңы продукциянын көлөмү 2001-жылдан бери төмөндөө үстүндө. Бул жылы дүйнөдө 2600 тонна алтын чыгарылган. АКШнын Геологиялык кызматынын эсебине караганда, былтыр дүйнөнүн алтын өндүрүшүнүн көлөмү 3,9 пайызга өскөн, бирок өндүрштүн төмөндөө тенденциясын өзгөртө алган жок.

Былтыр дүйнөдө 2360 тонна алтын чыгарылган. Бул өндүрүш көлөмү эң жогорку чекти багындырган 2001-жылдан 10 пайызга жакын аздык кылат. Бишкектеги эл аралык ишкер кеңештин минералдык ресурстар боюнча комитетинин 27-сентябрда өткөн ачык жыйынында айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын дүйнөлүк өндүрүштөгү үлүшү 1 пайызга жетпейт. Дүйнөдө 2289 тонна алтын өндүрүлгөн 2008-жылы Кыргызстан 18 тонна алтын чыгаруу менен 87 өлкөдөн 22-орунду ээлеген.

Кыргызстан 100 тоннадан аз алтын чыгарган 90 өлкөнүн катарында. Ал эми 100 тоннадан 300 тоннага чейин алтын чыгарган алдыңкы сегиз өлкөнүн ичинде бул тармакка адистешкен “Kitco.Com” интернет сайтынын жазганына караганда, ирети менен Кытай, Австралия, АКШ, Түштүк Африка, Орусия, Перу, Канада, Индонезия турат.

Казанда болсо, чөмүчкө чыгабы?

Аналитиктер узак мөөнөттөн алганда дүйнөлүк алтын өндүрүштүн көлөмү бир аз өсөрүн же азыркы эле калыбында каларын, бирок баа бери дегенде алдыдагы төрт-беш жылда кымбат бойдон турат деп болжолдоп жатышканын эске алганда, Кыргызстан сыяктуу чакан өндүрүүчүлөр дүйнөлүк базардагы азыркы тенденциянын кандай пайдасын көрө алат?

Лондондогу “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун Кыргызстан боюнча талдоочусу Жон Эндрю мунун алгачкы түз пайдасы катары алтын экспортунан түшүүчү акчанын көбөйүшүн атайт:

- Алтын кыргыз экономикасынын маанилүү бөлүгү. Экспорттун 40 пайыздайын алтын түзөт. Алтынды сырткы базарга сатуудан түшүүчү киреше балким быйылкы жылдын биринчи жарымында эки эсеге көбөйгөн болуш керек. Бул жалпы эле экономика, анын ичинде Кумтөр алтын кенинде үлүшү бар өкмөт үчүн пайдалуу. Жалпы экономика саясий тополоңдордон улам зыян тартып, өкмөттүн башка булактардан, салыктан алуучу кирешеси азайган шартта, алтындан түшүүчү кирешенин көбөйүшү чоң мааниге ээ.

Эгер алтындан түшкөн киреше көбөйгөн болсо, анын акчалай же салык түрүндөгү өлчөмү быйыл канчага өскөнүн “Кыргызалтын” акционердик коомунан же Табигый ресурстар боюнча министрликтен тактоо мүмкүн болгон жок. Иштетилүүсү көптөгөн чыр-чатактар жана коррупция жөнүндөгү айыптоолор менен коштолгон Кумтөр кенин казып жаткан “Центерра Голд” компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү былтыр жетишилген жаңы келишимдин аркасында көбөйүп, 33 пайызга чыккан эле. Жаңы келишимден бери “Кумтөрдүн” берген акчасы көбөйүп калганы да маалымдалып келет.

“Кыргызалтындын” мурдагы вице- президенти Максат Жээналиевдин айтымында, өлкөдө өндүрүлгөн алтынды 2005-жылдан бери тендердин негизинде келишим түзүлгөн бир чет элдик банк сатып алып жүрөт. Ага чейин Кумтөрдөн казылган таза эмес алтын “Кыргызалтынга” берилет. “Кыргызалтын” аны ийине жеткирген соң сатат. Бирок “Кыргызалтын” өзү эл аралык биржага чыкса же жүгүртүүдө өз каражаты болсо, кирешеси азыркыдан артмак:

- Айына эки тоннабы, эки тоннага чейинби же 500 килограммдан болот да. Бирок ошону сатып алганга “Кыргызалтындын” өзүнүн даяр акчасы жок. Он төрт, он беш күндүк мөөнөт менен алат. Тигилер ошого макул болгон (Центерра голд). Биз алабыз да, афинаж заводубузга алып келип, ошол күнкү баа менен эсептешебиз. Он эки, он төрт күндө афинаждап, сатып жиберип, анан эсептешебиз. Ортодогу айырма "Кыргызалтын" көргөн пайда болот.

Максат Жээналиев кошумчалагандай, “Кыргызалтын” эл аралык биржага өзү чыгуусу үчүн 2005-жылы бир аз аракет жасалган, бирок ишке ашкан эмес.

Баадагы өзгөрүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүгү

Табигый ресурстар боюнча министрлик түзгөн тизмеге караганда, Кыргызстанда алтын бар деген кендердин саны Кумтөрдү кошкондо 38, бирок алардын баары эле экономикалык жактан өзүн актайт деп айтыш кыйын. “Gold Fields” компаниясынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы жана кен чалгындоо менен алектенген “Талас Коппер Голд” команиясынын өкүлү Жулиан Вудкок Эл аралык ишкер кеңештин жакындагы жыйынына сунуш кылынган баяндамасында эгер Кыргызстан казууну күтүп жаткан 7 алтын кенин иштетсе, бир жылдык алтын өндүрүштүн көлөмүн 44 тоннага, ал дүйнөлүк базардагы үлүшүн 2 пайызга жакындатуу мүмкүнчүлүгү бардыгын жазган. Бирок Жулиан Вудкок Кыргызстан алдыдагы беш-он жылдыктын аралыгында канча алтын өндүрө алары так белгисиз болгондуктан, дүйнөлүк базардагы жаңы коньюктурадан кандай пайда көрөрүн айтуу кыйындыгын белгиледи. Жулиан Вудкоктун пикиринде, дүйнөлүк базарда алтын баасынын өсүшү эле инвесторлорду кен казууга ашыктырбайт:

- Маселе алтын баасы туруктуу эместигинде. Ооба, азыр такай өсүүдө. Бирок 2000-жылдарга кылчайсак такай төмөндөп турган. Кайсыл бир долбоорду иликтеп, ишке киргизүү, экономикалык жактан өзүн актарын аныктоо үчүн талап кылынган илимий тажрыйбаларды жүргүзүү үчүн узак убакыт, кеминде төрт-беш жыл талап кылынат. Алтындын баасы эле адамдарды Кыргызстанга (алтын кендерди иштетүүгө) тартат деп ойлобойм. Алар үчүн коопсуздук жана ишеним, өлкөдө кырдаал стабилдүү болуусу керек. Кенге инвестиция жасоо - абдан кымбат бизнес. Кенде ишкана куруу жүздөгөн миллион доллар турат. Чалгындоого жана иштетүүгө да ондогон миллион доллар талап кылынат. Сарпталган акча, эгер киреше болсо, 4-5 же андан көп жылда барып гана артка кайтат. Андыктан инвестициянын коопсуздугу үчүн ишеним керек. Өкмөт инвесторлордун инвестициясын коргоочу мыйзамдардын иштөөсүн кепилдөөсү абдан маанилүү.

Жулиан Вудкоктун айтымында, Бишкектеги эл аралык ишкер кеңештин табыгый ресурстар боюнча комитети тоо-кен тармагын чет элдик инвесторлорго жагымдуу кылуу үчүн көңүл бурууну талап кылган беш багытты аныктаган. Алар: мыйзамдарды өркүндөтүү, эффективдүү башкарууга жана айкындуулукка көмөктөшүү, мурда топтолгон архивдик маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, тармактын өнүгүшү үчүн капитал салууну стимулдаштырган механизмдерди киргизүү жана калк арасында өкүм сүргөн жаңылыш түшүнүктөрдөн арылуу үчүн жер- жерлерде окутууларды жүргүзүү.

“Кыргызалтын” концернинин мурдагы вице-президенти Максат Жээналиевдин пикиринде, Кыргызстан өлкөнүн эң ири алтын кени “Кумтөрдөн” оозун күйгүзүп алганына карабай, өткөн жылдардын тажрыйбасы кенди иштетүү үчүн чет элдик инвестор чыккан күндө деле биргелешкен ишкана формасы аркылуу кызматташуу пайдалуу болорун көргөздү:

- Ушу күнгө чейин алтынды эки жол менен иштетип жатабыз. Бири, “Кыргызалтын” акционердик коому менен биргелешкен компаниялар аркылуу иштетүү. Экинчи, кенди иштетүү укугун толугу менен инвесторго берип коюу. Менимче, бүгүнкү практика көргөзгөндөй биргелешип иштетүү жагы биздин өлкөгө көбүрөк пайда берчүдөй. Себеби биз аз да болсо Кумтөрдөн гана пайда көрүп келе жатабыз. Ал эми инвесторлордун карамагына берилгендерден бирөө да иштей элек. 1997 же 2000, 2003, 2004, 2005, 2006-жылдары алынган лицензиялар инвесторлордун колунда жүрөт. Эмне кылып жатканын эч ким билбейт.

Максат Жээналиев кошумчалагандай, Кыргызстан тигил же бул кен боюнча келишим түзүүдө продукцияны бөлүшүү ыкмасын карап көрсө да болот, бирок бул үчүн өлкөдө тиешелүү мыйзамдык база азырынча жок.

Алтын кору кимде көп ?

Дүйнөлүк алтын кеңеши (WGC) уюму ушул жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча жарыялаган маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик алтын корунда 2,6 тонна алтын бар. Борбор Азиядан Тажикстандын улуттук кору 3,5 тонна, Казакстандыкы 70 тоннадан ашуун. Дүйнөнүн алтын өндүрүшүндө жылдык үлүшү 3 пайызга жеткен же 60 тоннага жакын продукция чыгарган Өзбекстандын мамлекеттик алтын кору эмнегедир ачыкталган эмес.

Улуттук алтын корунун көлөмү жагынан дүйнөдө биринчи орунда АКШ турат. АКШныкы 8 миң тоннадан ашуун, андан кийинки катарда 3400 тонна алтыны бар Германия. Дүйнөлүк алтын кеңеш тизмесинде камтылган 109 мамлекеттин алтын корун быйылкы жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча 30, 535 тонна деп баалаган. Ал эми бир тонна алтындын эл аралык базардагы азыркы баасы болжол менен 43 миллион доллардын тегерегинде турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG