Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

“КТРКнын Байкоочулар кеңеши тарасын” деген акция өтүүдө


Бүгүн бир катар коомдук кыймылдардын өкүлдөрү Улуттук китепкананын алдына митингге чыгышты. Алар Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңешин “Бакиевдин кишисин КТРКга алып келүүгө аракет кылган” деп айыптап, кеңештин таратылышын талап кылышууда. Нааразылык акциясына кечээ Байкоочулар кеңешинин көпчүлүк добушуна Курманбек Бакиевдин тушунда президенттик катчылыкта иштеген Илим Карыпбековдун ээ болушу негиз берген. Илим Карыпбеков мурда Кыргызстандагы Медиа институтунун өкүлү болуп иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG