Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

ИИМ академиясынын курсанттарынын добушу жараксыз деп табылды


БШКнан маалымдашкандай, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү Ички иштер академиясынын 479 курсанты мөөнөтүнөн мурда берген добушун жокко чыгарышты. Ал эми аталган шайлоо участогунун башчысы төрагалык кылуудан баш тартканы тууралуу арыз берген. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү шайлоо мыйзамдарын бузуу менен өткөнүн, айрым курсанттардын жанында паспорттору болбогонун билдирет. Ошондой эле академиянын курсанттары жана кызматкерлери шайлоо күнү күзөттө болушарын эске алуу менен алардын добуш берүүгө катышуу маселеси каралып жатканын да айтылууда.

Ички иштер академиясынын 479 курсанты 7-октябрь күнү мөөнөтүнөн мурда добуш беришкен. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG