Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Камактагы “альфачылардын” жакындары пикетке чыгышты


Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкерин бошотууну талап кылган жакындары Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар апрелден бери камакта жаткан туугандарынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев ден соолугуна байланыштуу аз күн мурда үй камагына чыгарылган. 7-апрелде куралсыз элге каршы ок аткан деген айып тагылып жаткан мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкери Улуттук коопсуздук кызматынын абагында камакта жатышат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG