Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

“Шайлоо” системасына атаандаш электрондук система иштейт


“Республика” партиясы жана парламенттик шайлоого катышып жаткан дагы башка саясий партиялар шайлоо күнү добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүн ачык айкын кармоо үчүн автоматтык “Шайлоо” автоматтык системасына атаандаш электрондук системаны ишке киргизишти.

10-октябрда шайлоо күнү ар бир шайлоо участкасында партиялардын байкоочу өкүлдөрү борборлоштурулган системага маал-маалы менен маалымат жөнөтүп турушмакчы. Ошого жараша борборлоштурулган системада шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу жана добуш берүүнүн эсептелиши боюнча маалыматтар ар бир саат жайын жаңыртылып турмакчы. Шайлоонун жүрүшү боюнча маалыматтар «Республика» саясый партиясынын басма сөз борборунда on-line режиминде берилип турат жана телеканалдарда көрсөтүлөт. Бул маалыматты "Республика" партиясынын медиа-тобу билдирди. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG