Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

КТРКнын баш директору кайра тандалат


КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин жыйынында. Ортодо Байкоочулар Кеңешинин жетекчиси Эльвира Сариева.
КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин жыйынында. Ортодо Байкоочулар Кеңешинин жетекчиси Эльвира Сариева.

Коомдук телерадиоканалдын жетекчисин тандоонун үчүнчү айлампасы чыр-чатак менен коштолуп, жыйынтыгы жараксыз болуп калды.

Байкоочулар Кеңешинин ишине доомат көп

Коомдук телерадиоканалдын баш директорлугуна ат салышкандардын бири Абдыкадыр Султанбаев жетекчини тандоо алгачкы күндөн тартып мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилеп, Байкоочулар Кеңеши бүтүндөй отставкага кетиши зарылдыгын билдирди:

- Бул Байкоочулар Кеңеши элдин үмүтүн жана президенттин ишеничин таптакыр актаган жок. Ошентип, адегенде эле сынактын жол-жоболору бузулуп олтурат. Ошондуктан, уюмдун 7-октябрдагы чечимин жокко чыгаруу абзел. Ага улай Байкоочулар Кеңешинин төрайымы токтоосуз кызматынан четтетилүүсү кажет. Ошондон кийин гана башка сынак жарыялап, ага Кубат Оторбаевди, Эрнис Мамыркановду, Болот Казаковду жана Илим Карыпбековду катыштырбаган оң.

Ал эми дагы бир талапкер Бейшенбек Бекешов кечээги тандоо учурунда атаандаштарга бирдей шарт жаратылбагандыгына токтолуп, батышчыл маанайдагы Байкоочулар Кеңеши корпоративдик кызыкчылыкты көздөп чукул тыянак чыгарды деп айыптады.

- Мисалы, мобул Абдыкадыр Султанбаевдин ошол Илим Карыпбековдон кайсыл параметри жагынан кем? Болбосо, Кадыр Кошалиев кыргызга башкалардан азыраак кызмат кылыптырбы? Ошончолук калыс экен, Байкоочулар Кеңеши ар талапкерди бир бирден элге-журтка тааныштырып, алардын пикрлерин тыңдап көрбөйт беле? Кудайга шүгүр, колуңарда коомдук биринчи канал турат, - деп күйүп-бышты Бейшенбек Бекешов. – Элмира Сариевна, дагы бир ирет эскертип коеюн, азыркы саясий шоу ушул тейде уланса, чоң жаңжалдын очогуна айланат.

Коомдук телерадиокорпорациясынын өкүлү Абалбек Кулмакматов эмгек жамаатынын талабы орундалбаса, алар мөөнөтсүз баш ийбөө акциясын уюштура тургандыктарын ачыктады:

- Эмне үчүн професссионал журналисттер маарага жеткен жок. Каяктагы юрист Илим Карыпбеков көп упай топтогонуна таң калдык. Бизде тынбай жетекчилер алмашып тажатты. Экинчиден, Карыпбеков Курманбек Бакиевдин администрациясында иштеп, сөз эркиндигин чектегенге катышпады беле. Ошол режимдин тушунда Кайыргүл Урумканова, Мелис Эшимканов дегендер да баш директорлук кызматты аркалап, далай журналисттердин укугун кордоп, убалына калышты го. Эми дагыле ушинтип КТРКны биротоло талкалаганы жатасыңарбы? Эсиңерге бекем түйгүлө, мындан ары профессионал эмес бирөө босогобузду аттаса, мисалы, юристтер, аларды ишканага жолотпойбуз. А түгүл андайларды кубаттаган Акүй-көкүйдүн айласын курутабыз.

Ара-чолодо укук коргоочу Азиза Абдурасулова Байкоочулар Кеңешин жана анын жыйынына катышкандарды сабырдуулакка жана адилеттүүлүккө чакырды.

- Байкоочулар Кеңешинин бүгүнкү принципиалдуулугунан Кыргызстандын эртеңки тагдыры чечилгели турат. Кокус сынакка катышкандардын бирөө-жарымы жакпайт экен, ага асылыштын кажети жок. Минтип олтурсаңар өлкөнүн болочогуна биринчи силер балта чабасыңар, - деп кабатырланды Азиза Абдырасулова.

Илим Карыпбеков баш директорлуктан баш тартты

Ушул маалда экинчи айлампда көп добуш топтогон талапкер Илим Карыпбеков КТРКнын баш директорлугунан баш тарткандыгын жарыялады. Мунун себебин ал төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Мен үчүн атаандаштар тарабынан жарыя кылынган эрежени бекем кармануу абдан маанилүү. Тилекке каршы, ошол отурум капысынан өзгөрүүгө дуушарланды. Экинчиден, менин талапкерлигимди колдогон Байкоочулар Кенешинин мүчөлөрүн ыңгайсыз абалда калтырууну каалабаймын. Анткени, алар менин айымдан куугунтукка жана кысымчылыкка кабылышы толук ыктымал. Үчүнчүдөн, өлкөбүз ансыз деле чайналып турат. Ушундай маалда дагы бир чыр-чатакты тутандырыштын кажети жок. Ошол эле учурда кадрларды Акаевдики жана Бакиевдики деп бөлүп-жаргандарга таптакыр макул эмесмин. Себеби, өлкөбүз кесипкөй адистерге мукурап турган чакта, мен адамдарды мындай баалоого дээринен каршымын.

Ошентип, Байкоочулар Кеңеши акыркы отурумга катышкан коомчулук өкүлдөрүнүн жана КТРКнын эмгек жамаатынын пикирлерин көңүлгө түйүп, коомдук телерадио корпорациянын жаңы жетекчисин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында жарыяланаарын маалымдады.

- Мына, баарыңыздарды уктук. Сын-пикирлерди туура кабылдадык. Буга чейинки баш директорду шайлоо жокко чыгарылды. Эми 1-ноябрдан жаңысын сынамакчыбыз, - деп талаш-тартышка чекит койду Байкоочулар Кенешинин төрайымы Элвира Сариева.

Алдыдагы сынакка азыркы талапкерлер жана жаңылары катышууга акысы бар. Коомдук телеканалдын жетекчилигине адегенде 22 киши дараметин сынашкан. Биринчи айлампада 20 киши тандалып, экинчисинде төртөө: Болот Казаков, Илим Карыпбеков, Эрнис Мамырканов жана Кубат Оторбаев ат салышкан. 8-октябрдагы жумшак рейтингдин негизинде Илим Карыпбеков көпчүлүк добушка татыган эле.

Өлкөдөгү маалымат мейкиндигин турукташтыруу, жарандык көзөмөлдү күчөтүү жана коомдук көрсөтүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында Улуттук биринчи канал ушул жылдын сентябрь айында коомдук телерадио корпорациясына айландырылган. Мындан ары анын редакциялык саясатын Президенттин, Жогорку Кенештин жана жарандык коомдун он беш өкүлүнөн куралган Байкоочулар Кеңеши аныктамакчы.

"Азаттыктын" видеотасмасы: КТРК жетекчисин шайлоо жараксыз болуп калды

XS
SM
MD
LG