Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

ЕККУ: Кыргызстандагы шайлоо өлкө келечеги үчүн чечүүчү мааниге ээ


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму эртең Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоону өлкөнүн келечеги үчүн чечүүчү мааниге ээ деп атады. Учурда бул уюмду Казакстан жетектейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри, ЕККУнун төрагасы Канат Саудабаев: “10-октябрдагы шайлоо өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү болот жана эртең тандала тургандарды алдыда оор жоопкерчилик күтүп турат”, - деди. Уюм өлкөнүн бийликтерин эртеңки добуш берүүнүн жыйынтыгында элдин каалоосу сөзсүз камтылышына жетишүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG