Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Б.Обама Кытайды Лю Сяобону эркиндикке чыгарууга чакырды


АКШ президенти кытай бийлигинен Нобел сыйлыгынын ээсин абактан тезинен бошотууга чакырып, Кытайда саясий реформалар экономикалык өнүгүүдөн артта калып жаткандыгын билдирди.

8-октябрда ушул тапта түрмөдө отурган Лю Сяобого Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Буга нааразы болгон кытай бийлиги Бээжиндеги Норвегиянын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакыртып, расмий нааразычылыгын билдирди. Расмий Бээжиндин көз карашында, Лю Сяобого сыйлыкты ыйгаруу эл аралык Нобел сыйлыгынын принциптерине туура келбейт.

Лю Сяобо жазуучу жана университеттин мурдагы окутуучусу, кытай өкмөтүнүн саясатын катуу сындагандыгы үчүн 2009-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG