Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Кыргыз жаштарынын Франкфурт курултайы


Ишембиде (9-октябрда) Германиянын Франкфурт-Майн шаарында кыргызстандык жаштардын кезектеги шеринеси – маданий курултайы өткөрүлдү. Анын уюштуруу тобунун башчысы, жаш адис Бакыт Көбөгөновдун “Азаттыкка” ырасташынча, жыйынга Франкфурттагылардан тышкары башка да немис шаарларында жашаган ала-тоолук улан-кыздар жана айрым улуу муундагы эмгек мигранттары, жалпысынан 70тей киши катышты.
Кыргызстандын Франкфурт-Майндагы консулу Эрмек Өмүров мырзанын “Азаттыкка” маалымдашынча, ишембидеги курултайдын катышуучуларынын басымдуу көпчүлүгү 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышаарын билдирген. Жалпысынан, миӊден ашуун кыргызстандык атуул Германиянын Берлин, Бонн жана Франкфурт шаарларында ачылган үч шайлоо бекетине келип добуш берээри жоромол кылынууда.
Ал эми шайлоо күнү Германиянын Майнц шаарында кыргыз цирк өнөрпоздору жергиликтүү калайыкка өз өнөрүн тартууламакчы. Бирок алардын концерти жана ишембидеги курултай шайлоо учуру менен дал келип калды, аларды атайын шайлоого карата уюштурулган чара деп атоого болбойт, дейт Өмүров. (TT).
XS
SM
MD
LG