Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Шайлоодо бармакка белги коюу тартиби өзгөртүлдү


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, маркировкалоо үчүн атайын курамды жана жабдууну тестирлөөдө мурдагыдай ак кагазды эмес, калемсап же карандашты пайдалануу керек. Бул тууралуу БШКнын 9-октябрда кабыл алган токтомунда белгиленип, шайлоонун таза жана ачык өтүүсүн камсыз кылуу максатында ушундай чечим кабыл алынгандыгы айтылат. Токтомго ылайык, добуш берүү түйүндөрү ачылганга чейин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулардын катышуусунда маркировкалоо үчүн жабдуунун иштешин жана анын жасалма эмес экенин текшериши керек. Ак кагаз атайын бармакка белги койчу суюк курамды соруп алып, жашыл же саргыч түстө (флуоресцент) чагылуу анча байкалбагандыктан бул ирет калемсап колдонуу киргизилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG