Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

А. Сариев шайлоочуларды бармак белгинин жытына көңүл бурууга чакырды


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев саат тогузда өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын аймагындагы шайлоо түйүндөрүнүн бардыгы өз убагында ачылганын, шайлоодо колдонулуп жаткан бармак белгинин өзүнө тиешелүү жыты бар экендигин белгилеп, шайлоочуларды бармак белги коюлуп жатканда анын жытына көңүл бурууга үндөдү. Колдонулган сыянын кокус жыты болбой калса дароо комиссияга кайрылышы керектигин билдирди. Мындан сырткары каттоосу болуп, бирок негизги тизмеге кирбей калган шайлоочуларды паспорту менен шайлоо түйүнүнө келүүгө чакырды. А. Сариев бул жолу Кыргызстандагы шайлоо дүйнө элинин көңүл борборунда болуп жатканын, аны байкоочулардын рекорддук санынан көрүүгө болорун кошумчалады.

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө 52 мамлекеттен, 30дан ашуун эл аралык уюмдардан 850дөй байкоочу көзөмөл салууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG