Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Ош: Шайлоо жайларында кошумча тизмелер көп болууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын белгилешинче, Ош шаарынын борбордук шайлоо бекеттеринде кошумча тизмелердин көптүгү байкалууда. Муну участкалык комиссия өкүлдөрү шаарга жумуштап келгендердин көбү менен түшүндүрүүдө. Ушул тапта Ош облусу жана шаары боюнча бардык шайлоо жайлары ачылып, иштей баштады. Ош шаарында шайлоочулардын активдүүлүгү салыштырмалуу жогору. Өзбек драма театрында жайгашкан 501-шайлоо бекетинде добуш бергендердин көбү өзбек тектүүлөр болууда. Шайлоочулардын көбү аларга билдирүү шайлоо тууралуу баракча келбегендигин айтышууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG