Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

СДП менен “Ак шумкардын” лидерлери добуш берди


Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүнүн кесилишиндеги №5 кесиптик окуу жайында жайгашкан №1210 добуш берүү жайына саат 9да добуш бергени келген СДПнын лидери Алмазбек Атамбаев журналисттерге “Таза шайлоо өткөрүү үчүн 17 жыл күрөштүк. Азыр эл өзүнүн тандоосунун эч бир кысымы жок жасашы керек”, - деп билдирди. Ушул эле шайлоо жайына саат тогуз жарымда “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев да добуш берип, эртең эртең менен кыргызстандыктар ойгонгондо жаңы Кыргызстан, жаңы парламент, жаңы бийлик, жаңы үмүт менен ойгонорун, эл өзүнүн тандоосун жасап, таза тандоо болооруна ишенерин билдирди. Ал ошондой эле шайлоо таза, акыйкат өтөт деп ишендирип кетти. №5 кесиптик окуу жайында жайгашкан шайлоо участкасында саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын байкоочулары байкоо салып турушат. Саат онго карата добуш бергени келген адамдардын саны арбын. (AJ)

XS
SM
MD
LG